Сокулук районунда унаа уурдоого шектелип 17 жаштагы өспүрүм кармалды

Сокулук районунда унаа уурдоого шектелип 17 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-июль күнү милицияга арыз менен 52 жаштагы Новопавловка айылынын тургуну кайрылган. Анда ал 13-июль күнү белгисиз адамдар анын үйүнүн короосунда турган Ауди 100 үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 120 миң сомду түзгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары мурда соттолгон 17 жаштагы Маевка айылынын И.Ф. аттуу тургуну кармалган. Учурда ал камакка алынып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
saian.00
2016-07-15 14:11:48
Машина энесинин оюну бекен эне суту оозунан кете элек туруп машина урдап мурда да соттолгон болсо адам болбойт ал машинаны да жумурткадай ойлогон окшойт
0
Kroxa
2016-07-17 09:59:23
17 жашта мурда соттолгон болсо,,мальенкий бандит,,экенда:-):-):-)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан