Борбор калаадагы базарлардын биринен 16 миӊ сомдук картина уурдоого шектелген жаран кармалды

Борбор калаадагы базарлардын биринен 16 миӊ сомдук картина уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Р. И. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал 15-июль күнү саат 11:00 менен 12:00 аралыгында борбордогу базарлардын бириндеги соода күркөсүнөн белгисиз адамдар баасы 16 миӊ сомду түзгөн эки картинасын уурдап кетишкенин билдирген. Ушул эле базардын дагы бир сатуучусу арыз менен кайрылган. Анда ал ошол эле убакыт аралыгында белгисиз адам 2 миӊ сомдук сумкасын уурдап кеткенин билдирген.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан эки кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 41 жаштагы А.Н. аттуу тургуну кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан