Кытайдын Хубэй аймагындагы Лянцзы жана Нюшань көлүнүн ортосундагы дамба жардырылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, дамбаны жардырууга 27 тонна жардыруучу зат колдонулган. Дамбаны жардыруу алдында жакынкы аймактан 8400 адам коопсуз жайга көчүрүлгөн. Дамба көлдүн аймагын кеңейтип, коопсуздукту камсыздоо максатында атайын жардырылган.
"Лянцзы көлү Хубэй аймагындагы эң ири көлдөрдүн бири болуп эсептелинет. Июнь айындагы бир нече күнгө созулган жаандан улам суунун көлөмү 12 сантиметрге көтөрүлүп, коркунуч жаратуучу көрсөткүчкө жеткен. Ал эми жакын жайгашкан Нюшань көлүнүн деңгээли ага караганда төмөн болгон", - деп айтылат маалыматта.