Ереван. Эребуни аймагында полициянын имаратын басып алган куралчан топ барымтадагы 4 кызматкерди коё берди

Еревандын Эребуни аймагында полициянын имаратын басып алган куралчан топ барымтадагы 4 кызматкерди коё берди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, учурда куралчан топ дагы 5 кызматкерди барымтада кармоодо. Полиция имаратын басып алгандар курал-жарактарды мыйзамсыз алып жүрүү, сактоо жана ташуу боюнча айыпталып 2 айга камакка алынган "Жаңы Армения" коомдук куткаруу оппозициялык фронтунун лидери Жирайр Сефилянды бошотууну талап кылышууда.

"Барымтадагы кызматкерлерди коё берүү боюнча тиешелүү сүйлөшүүлөр жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, куралчан топ полиция имаратын 17-июль күнү эртең менен басып алган. Натыйжада полициянын полковниги каза тапкан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан