Аламүдүн районунда тамеки тартуудагы этиятсыздыктан 1 жаран каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Беш-Күнгөй айылындагы Ткачов көчөсүндө кароосуз калган 20 чарчы метр, шифер менен жабылган үйдүн устуну, терезе жана диван күйгөн. Өрттүн натыйжасында күйүп калган эркек адамдын жансыз денеси табылган. Учурда маркумдун аты-жөнү такталууда. Өрттүн келип чыгуусуна тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон.