Алматы шаарында орун алган атышууда каза болгон кызматкерлердин аты-жөндөрү айтылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү 1990-жылы туулган Руслан Куликбаев буга чейин "талап-тоноо" жана "курал сактоо" беренелери боюнча эки ирет сот жообуна тартылган. Ал эми окуянын натыйжасында каза болгондор:
- Бауыржан Нурмаханбетов, полициянын капитаны, 1988-жылы туулган, үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы.
- Максат Салимбаев, кенже сержант, 1991-жылы туулган, үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы.
- Аян Галиев, старшина, 1974-жылы туулган, үй-бүлөлүү, эки кыздын атасы.
Өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев аталган окуяны террордук акт деп жарыялады. Өлкө башчы Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынында каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындарына көңүл айтып, аларга психологиялык жана материалдык жардам көргөзүлүшү керектигин баса белгилеген.
Эскерте кетсек, кечээ, 18-июлда Алматы шаарында бир нече сааттык атышуу болуп, анда 5 адам каза тапкан, анын үчөө полиция кызматкери болгон.