Тамга айыл аймагындагы аскердик санаторийдин короосунан 28 жаштагы жаранды терек басып калып каза тапты

Жети-Өгүз районуна караштуу Тамга айыл аймагындагы аскердик санаторийдин короосунан 28 жаштагы жаранды терек басып калып каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"Кечээ, 18-июлда кечки саат 19:40 чамасында болгон шамалдын кесепетинен Тамга айыл аймагындагы "Тамга" аскердик санаторийинин короосунан терек кулап, 1988-жылы туулган К.В.Р. аттуу жергиликтүү тургунду басып калган. Оор жаракаттан улам жабырлануучу каза болуп калган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан