Германия. Поезддин 15 жүргүнчүсүнө балта менен кол салуу болду, 5 адам оор абалда

Германиянын Тройхтлинген станциясынан Вюрцбургга сапар алган поездде балта менен кол салуу болду. Натыйжада 15 адам жабыркаган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ кечки саат 21:15 чамасында аталган багыт менен кетип бараткан поездде орун алган. Анда белгисиз жаран белгисиз себептерден улам вагондун ичиндеги жүргүнчүлөргө балта жана бычак менен кол салган.

"5 адам оор жаракаттарды алган, жалпысынан 15 адам жабыркады. Учурда алар психологиялык шок абалында. Жабыркагандардын ичинен төртөө гонкгондук туристтер. Кылмышка шектүү 17 жаштагы Ооганстандын жараны экени аныкталды. Ал поездди токтотуп, изин жашырууга аракет кылган. Аны кармоо учурунда каршылык көрсөткөндүгү үчүн жок кылынды. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери улантылууда", - деп айтылат полициянын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
gulzar_gulu
2016-07-19 19:31:37
Дүйнөдө эмнелер гана болуп атат? Эхх...
+7
hann
2016-07-19 21:00:35
Европаны кара туман каптады го аябай. Кара кой союп тулоо отукорушпосо болбой калды го...
-5
KaiMak
2016-07-19 21:09:25
адамдар жакында бири бирибиздиле кырып жок болобуз го...
-2
Bek94
2016-07-20 01:42:25
Ужас кинодо ушундай көрчүү элек
+3
SumayaAidar1315
2016-07-20 01:56:19
Куудай сакта жаман болуптур
+1
Kani1994
2016-07-20 03:03:27
17 жаштагы балага мынча эмне болгон?дейм да
+3
takowa_tyratbekovna94
2016-07-20 03:05:52
Жаман ужас боевик кинолорду корсоотуго тыю малыш керек болуп калды кинодон коруп алышып практика кылгандар кобойдуу кудайым баарыбыздын журогубузго ыйман бер
+5
Tiguuchu
2016-07-20 09:26:35
ИГилдин адамы экен деп айтылды го тв дан
0
Aidowi
2016-07-20 10:22:23
Оорулуу бала окшойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан