Ала-Арча капчыгайындагы сууга агып кеткен үч адам табыла элек

Чүй облусунун Ала-Арча капчыгайындагы сууга агып кеткен үч адамды издөө иштери улантылып жатканын 20-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 17-июль күнү аталган сууга агып кеткен 79 жаштагы Л.М.И. аттуу адамды 19-июлда ӨКМнын №1-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары издешип, бирок таба алышкан жок.

Аталган сууга 18-июль күнү да 1981-жылы туулган А.З.С. жана 1976-жылы туулган К.М.К. аттуу жарандар агып кетишкен. Издөө иштери жүрүп, табылган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан