Алматы шаарындагы "Жашыл базар" деп аталган шаардык базар курчоого алынып, ыкчам издөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары Ички иштер департаментине шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Гоголь, Зенков, Макатаев, Абдуллин көчөлөрү кесилишкен аймакта куралчан ички иштер органдарынын кызматкерлери ыкчам издөө иштерин жүргүзүшүүдө. Күбөлөр тартып жиберген сүрөттө аскер унаалары да токтоп турат. Полиция жергиликтүү калкты тынчтыкты сактоого чакырды.
"Тастыкталбаган маалымат жана сүрөттөрдү интернет булактарына таратпаңыздар. Жалган маалымат тараткандар Кылмыш кодексинин 274-беренесине ылайык жоопко тартылышат", - деп айтылат Ички иштер департаменти тараткан расмий маалыматта.
Учурда аталган аймакты эмне себептен куралчан кызматкерлер курчоого алганы белгисиз бойдон калууда.
Эскерте кетсек, 18-июлда Алматы шаарында бир нече сааттык атышуу болуп, анда 5 адам каза тапкан, анын үчөө полиция кызматкери болгон. Кечээ оор жаракаттардан улам дагы бир полиция кызматкери жандандыруу бөлүмүндө көз жумган. Өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев аталган окуяны террордук акт деп жарыялады. Президент Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынында каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындарына көңүл айтып, аларга психологиялык жана материалдык жардам көргөзүлүшү керектигин баса белгилеген.