Борбор калаада тоноочулук фактысына шектелип 3 жаран кармалды

Борбор калаада тоноочулук фактысына шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Чүй облусунун И.М. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал 18-июль күнү саат 23:00 чамасында М.Ганди-Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен бейтааныш 3 жаран күч колдонуп уюлдук телефонун тартып алганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 19 жаштагы Т.О., Бишкек шаарынын 23 жаштагы Ж.Э. жана 27 жаштагы С.А. аттуу шаар тургундары кармалган. Кылмышка шектүүлөрдүн бул сыяктуу дагы 2 кылмышка тиешеси бар экени аныкталып, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан