Бишкекте үч адам 5-кабаттан кулап түшүп, экөө ошол жерден каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Окуя 19-июль күнү саат 9:50 чамасында Шабдан баатыр жана Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдө болгон. Каза болгондордун бири 17 жаштагы Ниязберди Аманов, бири 18 жаштагы Ринат Шарипов, жаракат алган адам 29 жаштагы Айбек Абдыкаров аттуу жаран. Ниязберди менен Ринат жерге кулап түшүп каза болушса, жаракат алган адам кулап келе жатып курулуш буюмдарын кармап аман калган. Ал башынан жана денесинин бир нече жеринен жаракат алып Улуттук госпиталга жаткырылды. Алар аталган жайда курулушта иштеп жатышкан.