Борбор калаада 2 унаа сүзүшүп, 3 адам ар түрдүү жаракаттарды алды

Борбор калаада 2 унаа сүзүшүп, 3 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда "Тез жардам" кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 08:29да "Тез жардамдын" нөөмөт бөлүмүнө Үсөнбаев-Күрөңкеев көчөсүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталганы тууралуу билдирүү келген. Аталган дарекке барган кызматкерлер 3 адам ар түрдүү жаракаттарды алганын аныкташкан. 32 жаштагы мас абалдагы жаран (унаалардын биринин айдоочусу) башынан жана сол бутунан жаракат алган, 23 жаштагы жаран башынан жана жамбаш сөөгүнөн жаракат алган, дагы бир 23 жаштагы жабырлануучу башынан жаракат алып, баш мээси чайкалып, моюнунан жаракат алган. Жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүлүп, алар тез арада ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mercedes202
2016-07-20 16:48:03
Усенбаева/ Куренкеевадан мастар эле сузушот
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан