Кыргыз-тажик чек арасында күчү 3,5-4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жер титирөө саат 14:10 чамасында Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын чек арасында болгон. Анын күчү 3,5-4 баллга жетип, Бор-Дөбө айылынан түштүк-чыгышты карай 20 чакырым, Кара-Киндик айылынан түштүк-чыгышты карай 28 чакырым, Нура айылынан түштүк-батышты карай 45 чакырым аралыкта жайгашкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, жабыркагандар жана кыйроолор жок.