Алай тоо кыркаларында 20-июль күнү саат 18:55 чамасында жер титирөө катталганын Сейсмология институтунан билдиришти. Анын очогу Кыргыз Республикасынын аймагында, Алай тоо кыркаларында жайгашып, күчү 3,5 баллга жеткен. Жер титирөө Бор-Дөбө айылынан 16 чакырым түндүк-чыгышта, Кара-Киндик айылынан 18 чакырым түштүк тарапта, Сары-Таш айылынан 28 чакырым түштүк-чыгышта орун алган. Бор-Дөбө айылында 2,5-3 балл, Кара-Киндик айылында 2,5 баллга сезилген.