Жогорку Соттун имараты “бомба коюлган” деген маалыматтан улам курчоого алынды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн саат 10:30 чамасында белгисиз жаран Жогорку Соттун имаратына бомба коюлганын билдирген. Учурда ал жакта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын жана Бишкек ШИИББинин кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат. Жогорку Соттун айланасы курчоого алынды. Азырынча бомба коюлганы тууралуу маалымат тактала элек.