22-июлда Малайзиянын Путраджая шаарында Кытай, Австралия жана Малайзиянын транспорт министрлери 239 жүргүнчүсү менен дайынсыз жоголгон Боинг-777-200 учагын издөөнүн эки жылдык жыйынтыктарын карашат.
Австралиянын Транспорт коопсуздук бюросунун берген маалыматтары боюнча, азыркы учурда издөө аймагынын 120 миң чакырымынан 110 миң чакырымы изилденип бүттү. Учактын кайда жана кандай абалда экени азыркы учурга чейин белгисиз болууда. Австралиянын транспорт министри Даррен Честер: "Өтө турган кезигүү бизге эмне жетишкендиктер бар жана сүйлөшүүнүн негизинде кабыл алынган издөө аянты чегине келсе эмне кыларыбыз жөнүндө чечим чыгаруу үчүн керек”, - деди чет элдик ММКларга.
Эске салсак, 2014-жылы 8-мартта Малайзиянын Куала-Лумпур аба майданынан Кытайдын Пекин шаарына сапар тарткан Боинг-777-200 учагы 239 жүргүнчүсү менен дайынсыз жоголгон. Учак асманга көтөрүлгөндөн 2 саат өткөн соң байланыш үзүлгөн. Акыркы жолу экрандан анын Вьетнам жана Малайзиянын ортосундагы деңиздин үстүндө учуп бара жатканы көрүнгөн. Андан бери дайынсыз. Малайзия бийлиги учактын жүргүнчүлөрүнүн баары көз жумганы тууралуу билдирүү жасаган. Ага карабай учак, кемелер менен издөө иштери уланууда.