Интернетте өлгөн арстан менен сүрөткө түшүп жаткан мергенчилерге тирүү арстандын тиш салганы көрсөтүлгөн видео тарады. Африкада орун алган окуяда мергенчилер өздөрү атып өлтүргөн арстандын жанында сүрөткө түшүп жатып аларга жакындап келген арстанды байкабай калышкан.
Видеону интернетке тараткан адам алардын ошол жерде каза болушканын жазды. Кызыгы, арстан тиш салган учур камерага түшпөй калган. Видеодон арстандын жакындап келип мергенчилерди качырганын көрүүгө болот. Калган окуя "көшөгө" артында уланып, кыйкырыктар угулат. Көп өтпөй арстан жолуна түшкөн.