Курулуп жаткан үйдүн 5-кабатынан кулап каза тапкан 2 куруучунун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Курулуп жаткан үйдүн 5-кабатынан кулап каза тапкан 2 куруучунун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жогорудагы факт боюнча “кен, курулуш, жарылуу коркунучу бар же башка жумуштарды жасоодо коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Айта кетсек, окуя 19-июль күнү эртең менен Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында болгон. Анда 3 куруучу курулуп жаткан үйдүн 5-кабатынан кулап, 18 жаштагы Ринат Шарипов жана 17 жаштагы Ниязберди Аманов каза тапкан. Ал эми 29 жаштагы Айбек Абдыкадыров ооруканага жеткирилген.

Салынып жаткан турак жай комплекси “Аюу курулуш” компаниясына таандык болгон. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bek.kgz
2016-07-22 17:53:06
Азаматтар... Эми аягына чейин алып барсанар парага алданбай...
0
jigit.paren
2016-07-22 18:12:38
Эми ал жерде техникалык кырсык болгон күндө иштеп жаткан лифт токтобой калып башынан ашып кеткен лифт экөөнү басып калбаганда ким билет мүмкүн аман калышат беле. Мен ошол жерде болуп өз көзүм менен көргөндүктөн ушул убака чейин жаман болуп жатам.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан