Аламүдүн районундагы колбаса чыгаруучу цехтеги өрт тамеки тартуудагы этиятсыздыктан улам келип чыккан

Аламүдүн районундагы колбаса чыгаруучу цехтеги өрт тамеки тартуудагы этиятсыздыктан улам келип чыккан. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен 40 тонналык 18 контейнер, 20 тонналык 4 контейнер, 40 тонна күн карама даны, картон таңгактары, полиэтилен баштыктар, станоктор, конвейерлер жана макулатура күйгөн. Өрттүн келип чыгышына тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон.

Айта кетсек, өрт кечээ саат 10:00 чамасында башталып, 1000 чарчы метрден көп жерди кучагына алган. Өрттөнгөн цех “Салих” жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан