1981-жылы туулган Улан Кочкоров аттуу жаран Ак-Буура дарыясына түшүп кетип каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы 22-июлда билдирди.
Маалым болгондой, 21-июль күнү саат 17:45 чамасында Кара-Суу районундагы Учар айылынын тургуну Улан Кочкоров Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен. Издөө иштерине ӨКМнын Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 8 куткаруучусу барып, саат 20:10 чамасында жансыз денесин дарыядан алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришкен.