Ала-Арча капчыгайында сууга агып кеткен 79 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Айта кетсек, Ала-Арча капчыгайындагы сууга 17-июль күнү 79 жаштагы М.Лапшина, 18-июль күнү 1981-жылы туулган З.Ажибеков жана 1976-жылы туулган М.Көлбаев агып кеткен. Кечээ, 21-июль күнү аларды издөө иштери жүрүп, саат 15:00 чамасында М.Лапшинанын жансыз денесин табышкан. Маркумдун сөөгү ошол күнү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Ал эми 18-июль күнү сууга агып кеткен эки адам табыла элек.