Токмокто 25 жаштагы жигит “музоо уурдаган” деп шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 1-февраль күнү Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө 26 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылып, белгисиз адам бир айлык музоосун уурдап кеткенин айткан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иш-чаралары жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 25 жаштагы З.Б. кармалган. Учурда ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.