Бишкек жана Чүйдө кылмыш кылууга камынган "Такфир-Жихад" диний багытын карманган чет өлкөлүк жаран кармалды (фото)

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда кылмыш кылууга камынган "Такфир-Жихад" диний багытын карманган чет өлкөлүк жаран кармалганын Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы 22-июлда билдирди.

Маалыматка таянсак, Бишкек ШИИББинин 10-Башкармалыгынын кызматкерлери атайын жүргүзүлгөн
иш-чаранын негизинде Чүй облусунда убактылуу жашоо үчүн Кыргыз мамлекетине учуп келген "Такфир-Жихад" диний багытын карманган чет өлкөлүк жаранды 21-июлда Бишкектен кармашты.

Кармалган адам Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында кылмыш жасоого даярданган. Анын жанынан медициналык бет кап, жасалма чач, ок атуучу курал, ок жана диний мазмундагы DVD-дисктер табылды. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Алынган далилдүү материалдар боюнча экспертиза дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
umut87
2016-07-22 17:38:45
кудай сактаа
+2
ishikylsa
2016-07-22 17:44:10
Ар кандай диний агымдардын баары топтолгон бизде...
+3
Rifle_S
2016-07-22 23:09:35
Чубак ажы ошолордон ажыратып турат эле, эми мындан да көбөйүп кетишинен Кудай сактасын.
0
lexus47
2016-07-22 18:14:22
Кыргызым кайда баратабыз дебей,"Кыргызымды коргойлу" деген ураан керек болуп жатат бизге!
+4
raku
2016-07-22 19:33:10
lexus47, Кайда баратабыз? деген суроо абдан туура. Биз мындай радикал экстремисттерге жол бербешибиз керек.
+3
Rifle_S
2016-07-22 23:11:01
raku,кайда баратабыз деп радикал экстремизмге капшы айтылган сөзбү ?
Ал жерде паранжа кийинген карындаштарыбызга айтылган сөз. Жылаңачтарга айтса болбойт кайда баратабыз деп. Алар кыргыз маданиятына салымын кошуп жатат.
-1
Medina87
2016-07-22 23:15:24
Кайдан учуп келгени белгисиз го?
+2
kufa
2016-07-23 10:24:16
DVD диск дейби, DVD жоголуп бара жатат, азыр корсотчу нерсени интернеттен же телефондон эле корсотот. DVD диск которуп эмне кылмак эле.
+4
leilek_suluktu
2016-07-23 17:05:11
Дискти эмне кылат DVD коюп корову
+1
barakcha
2016-07-23 18:56:47
Ишенич кыйын.Анткени,чет олкодон келген жаранды аэропорттон жакшы эле текшеришет.Анан кайдан мындай куралдар менен отуп кетсин?Саясат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан