Кечээ, 22-июлда саат 22:12де "101" өрт өчүрүү кызматына Тарых музейи өрттөнүп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"Алгачкы өрт өчүрүүчү эки топ саат 22:14тө чыгып кеткен, 15-20 мүнөт өткөн соң үчүнчү топ да тартылды. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, Тарых музейинин кампасы күйүп жатат. Өрт өчүрүү уланууда. Жабыр тарткандар жана курмандыктар жок", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.