Сузакта "үй буюмдарын, велосипеддерди уурдап жүргөн" деп шектелип Кочкор-Ата шаарынын жашоочусу кармалды.

Сузак районунда "үй буюмдарын жана велосипеддерди уурдап жүргөн" деп шектелип Кочкор-Ата шаарынын жашоочусу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Үй буюмдарын жана велосипед жоготкон жашоочулардан милицияга бир нече арыз түшкөн. Ыкчам иликтөө иш-аракеттеринин алкагында кылмыш ишине шектелип Кочкор-Ата шаарынын К.А. аттуу 23 жаштагы тургуну кармалган.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

"Кармалган адам буга чейин бир нече уурулук иштерди жасаган деп шектелүүдө. Ал акыркы кылмышында бир учурда 4 велосипед жана кымбат баалуу буюмдарды уурдап кармалды", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
MIRAN
2016-07-23 11:07:01
Оной акча аш болмок беле.
+1
Rifle_S
2016-07-23 15:59:10
Акыркы уурдаган велосипеди 33000 сомдук, GIANT үлгүсүндөгү. Камерага түшнкалып, фейсбукта жүктөлүп кызуу талкуу болуп жаткан. Жакшы болуптур кармалганы. Велосипед ууруларды жок кылса жакшы болмок . Эл эми үйрөнө баштады эле велосипедке өтүп.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан