Бишкекте жол кырсыгына кабылып, из жашырып кеткен айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, 21-июлда саат 07:30дар чамасында белгисиз унаа Кулиев көчөсү менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишинен Хонда Фит унаасы менен сүзүшкөн. Жол кырсыгынан соң айдоочу окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Жол кырсыгынан улам Хонда Фит унаасынын 7 жаштагы жүргүнчүсү жараат алып, №3-балдар ооруканасына жеткирилген.
Патрулдук милиция башкармалыгы жол кырсыгына кабылган айдоочу өз ыктыяры менен келишин суранат.