Борбордогу жаңы конуштардын биринен коомдук унаанын ичинде 37 жаштагы жаран асынып алды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ саат 23:26да "Тез жардамдын" нөөмөт бөлүмүнө "Арча-Бешик жаңы конушунда жаран асынып алды" деген билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган кызматкерлер көчөдө токтоп турган маршруттук таксинин ичинде 37 жаштагы жаран асынып каза тапканын аныкташкан.