Бишкек-Ош унаа жолунда сууга түшүп кеткен унаанын 18 жаштагы айдоочусу изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 23-июль күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Бишкек-Ош унаа жолунун 258-чакырымында орун алган. Анда Тойота унаасы менен Ауди 100 үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Натыйжада Ауди 100 унаасы аккан сууга түшүп кетип, 1994-жылы туулган Мунарбек кызы Айжан аттуу жүргүнчүсү (23-июль күнү жансыз денеси табылган) жана 1998-жылы туулган Асан уулу Кубанычбек аттуу айдоочу сууга чөгүп кеткен. Куткаруучулар издөө-куткаруу иштерин жүргүзүшкөн, бирок айдоочу табылган эмес.