Ысык-Көлдөгү “Алтын-Жай” пансионатында скутер менен аялды сүзүп алган казак жараны мас абалда болгон

Ысык-Көлдөгү “Алтын-Жай” пансионатында скутер менен бир аялды сүзүп алган казак жараны мас абалда болгон. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн SUPER.KG порталына билдиришти.

Жабыркаган аял 1951-жылы туулган Ош облусунун тургуну болгон. Ал денесинен ар кандай жарааттарды алып, ооруканага жеткирилген, бирок милицияга арыз жазган эмес. Ал эми жабырлануучуну сүзүп алган казак жараны ошол учурда мас абалда болгон. Ал скутерди ижарага алып айдап жүргөн”, - деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

Айта кетсек, окуя 24-июль күнү аталган пансионатта орун алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Futuro3
2016-07-25 12:49:36
Жашы жете элеке. Жана мас адамга скутер тыюуу салынат да. Ограничения деген болот эл жок жерде айдоо. Бирок акча төлөсө баарын эле отургуза берет.
+2
Frunze74
2016-07-25 13:16:38
Скутер ж.б.кооз корунгону, кирешелуу болгону менен колду булгап жатпайбы. Колубуз 100 жыл мурункуга салыштырмалуу бир топ эле кирдеп, ар кандай зыян агын суулар куюлуп таштандылар ыргытылып, ал аздай бензин да аралашып жатат. Орустардын ошончо дениз колдору туруп Ысык-Колубуздо торпедаларын сыноосу биздин бийликтин элибизге чыккынчылыгынан кабар берет...
Турист деп эле кунумдук кирешебизди эсептеп колубуздун тазалыгын ойлобосок 30-50 жылдан кийин турист эмес озубуз да баргыс болобуз Колго
+5
Dina89
2016-07-25 22:34:27
вообще мас адамга бергенге болбойт прокатка берген адамды жана ошол казакты кармаш керек
0
Dina89
2016-07-25 22:41:24
Мени дагы сузгон кудай сактаган катамарандан ыргып кеткем сузгон адам орус болчу ал да мас
0
Kroxa
2016-07-26 23:36:16
Казакпы ким болсо да мас адамга берген кишинин куноосу чон экоону тен жазаларын катуу берсин..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан