Таш-Көмүр шаарында куурчактын башына баңгизат жашырып, кара куурай өстүргөн 60 жаштагы жашоочу кармалды

Таш-Көмүр шаарында куурчактын башына баңгизат жашырып, кара куурай өстүргөн 60 жаштагы жашоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Таш-Көмүр шаарында өстүрүүгө тыюу салынган кара куурай өсүмдүгүн өз үйүнүн короосуна өстүрүп жаткан тургун тууралуу маалымат милициянын Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына түшкөн.

Ыкчам иликтөө иш-аракеттеринин алкагында тинтүү жүргүзүлгөн. Натыйжада атайын сугарылып, өстүрүлгөн, жалпы салмагы 25-30 килограммды түзгөн кара куурай өсүмдүгү табылган. Мындан сырткары үйүнүн ичинен куурчактын башынан 15 грамм кургатылган марихуана жана 200 грамм кара куурайдын уруктары табылган.

Табылган заттар соттук-химиялык экспертизага жиберилген. Ал эми кармалган 60 жаштагы А.К. аттуу шаар тургуну убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kroxa
2016-07-25 16:17:54
Атайын остурбосоделе чыгаберет да каракуурай колдо ар бир короодо осчу эле балакезде кийин жасаганды уйронкшкондо чатырып салчу кок кезинде жыты бир укмушго...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан