Японияда Сагамихара шаарында бычак менен куралданган Сатоси Уэмацу аттуу адам ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жатак-мектебине кол салды. Анын кесепетинен 19 адам каза болуп, 45 адам жаракат алган. Жаракат алгандардын ичинен 20 адамдын абалы өтө оор экенин Япония ММКлары 26-июлда жазышууда.
Ал аталган жайдагы адамдарга жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:30 чамасында кол салган. Жарым саат убакыттан кийин полицияга колго түшкөн. Ал мурда аталган жайда иштеп кеткени маалым болду.