Чүй. Төмөнкү Ала-Арча айылында белгисиз айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп кетти

Төмөнкү Ала-Арча айылында белгисиз айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда "Тез жардам" кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 20:59да "Тез жардам" кызматына 22 жаштагы жаран кайрылган. Анда ал белгисиз айдоочу Төмөнкү Ала-Арча айылынан сүзүп кеткенин билдирген. Дарыгерлер медициналык кароо жүргүзүп, жабырлануучу башынан оор жаракат, сол колунан жана ичинен жаракат алганын аныкташкан. Жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, ал ооруканага жаткырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан