Үстүбүздөгү жылдын башынан бери 67 адам сууга чөгүп каза тапкан. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов маалымат жыйынында билдирди.
Бороновдун айтымында, каза тапкандардын 57си акыркы эки айда сууга чөгүшкөн.
“Сууга чөгүп каза тапкандардын көпчүлүгү Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарына туура келет. Кырсыктын келип чыгуусуна көп учурда адамдардын этиятсыздыгы себеп болууда. Ош шаарында болгон окуя буга мисал болот. Анда суунун жээгинде сүрөткө түшүп жаткан келин ташка тайгаланып сууга агып кеткен. Аны куткарам деп күйөөсү жана досу да сууга чөгүп кетишкен”, - деди Боронов.
Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министри сууга чөгүүнүн алдын алуу боюнча да иштер жүрүп жатканына токтолду.
“Аймактарда сууга түшүүгө мүмкүн болгон жерлерде коркунучтарды жоюу боюнча иштер жүрүп жатат. Учурда Ысык-Көл облусундагы 64 пансионатта куткаруучу-суучулдар бар”, - деп кошумчалады ал.