Бүгүн, 26-июлда Бишкектеги №71-мектептен өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянсак, саат 11:00 чамасында аталган мектептин спорттук залында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт өчүрүү кызматынын эки унаасы менен суу чачылып, өрт 12:45те толугу менен өчүрүлдү. Анын кесепетинен залдагы спорттук килемдер күйгөн. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, жабыркагандар жана каза болгондор жок.