Бишкектеги жаңыдан курулуп жаткан кыргыз-кытай мектебинен өрт чыкты

Бүгүн, 26-июлда Бишкектин Жал кичи районундагы жаңыдан курулуп жаткан кыргыз-кытай мектебинен өрт чыкканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, саат 12:27 чамасында мектептин биринчи кабатында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Анын кесепетинен улам курулуш материалдары күйгөн. Өрт саат 13:16 чамасында өчүрүлүп, анын келип чыгуу себептери такталып жатат. Андан жаракат алгандар жана каза болгондор жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
KGstan1981
2016-07-26 16:20:05
Кудай сактасын барып барып кыргыз-турк лицейлери жана кыргыз-кытай мектептери ачылып туркчо гелиерсин деп, кытайча чанг чунг деп суйлоп калбасак эле болду.))))
+3
tekebaeva.Arzu
2016-07-26 16:24:58
Балее барбы Кытайча мектепке?
+4
ICHOMTAY
2016-07-27 05:47:37
Кытаилар отурукташып баштады эле эми буларга мектеп керек болот анан ээн эркин кытаича суйлоп журуш учун мектеп курулат ошентип кыргыз калкым оз тилибизди оздоштуро албай жургондо кытай оной эле оз тилинде суйлоп журо берет .келечек муундарда конуп калат анан аитышат кытаилар илгертен жашаит кыргызстанда биздин ата бабалар жол берген деп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан