Франциядагы чиркөөлөрдүн биринде сыйынуучуларды барымтага алгандар жок кылынды

Франциядагы чиркөөлөрдүн биринде сыйынуучуларды барымтага алгандар жок кылынды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда чет элдик маалымат каражаттары жергиликтүү полицияга шилтеме берүү менен жазышууда.

Маалыматка караганда, бүгүн эртең менен бычак менен куралданган эки адам Франциянын Руан шаарына жакын жердеги чиркөөгө киришип, 3 чиркөө кызматчысын жана сыйынып жаткан эки тургунду барымтага алышкан. Аларды бошотуу учурунда эки кылмышкер жана бир чиркөө кызматчысы каза таап, бир адам жабыркаган.

Азырынча кылмышкерлердин аты-жөнү жана алардын бул ишке баруусуна эмне себеп болгону белгисиз болууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан