Борбор калаада "үйлөрдүн бирин тоноого кирип, үй ээсин жана эки уулун бычактап кеткен" деген шек менен эки адам кармалып, дагы үчөө изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев билдирди.
"Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Токтогул районунун 1995-жылы туулган Б. у. Сыргак аттуу тургуну жана Нарын облусунун 1994-жылы туулган тургуну А. у. Саламат кармалган. Учурда кармалган жарандар күнөөсүн мойнуна алып, кылмыштуу топтун Нурсултан, Гүлжигит жана Бектур аттуу мүчөлөрүн издөө иштери жүрүүдө", - деп билдирди Казабаев.
Маалыматка ылайык, учурда кылмышка шектүүлөрдүн башка кылмыштарга да катыштыгы бар же жок экенин аныктоо иштери улантылууда.
Эске салсак, окуя 6-июль күнү таңкы саат 04:30 чамасында борбордогу Тынчтык жаңы конушундагы үйлөрдүн биринде орун алган. Анда К.Ү. аттуу үй ээси намаз окууга даярданып жаткан учурда үйүнүн 1-кабатынан бирөөлөрдүн үндөрүн уккан. Бөлмөсүнөн чыккан үй ээси 2-кабатка чыгуучу тепкичтен беттерине медициналык бет кап кийген, 20-25 жаштар чамасындагы белгисиз 4 жаранды көргөн. Үйдү тоноого киргендер үй ээси менен мушташып, аны бычактап, өз бөлмөлөрүнөн жардамга чуркап чыккан 26 жана 21 жаштагы уулдарын да бычактап, изин жашырып кетишкен.