Ош ШИИБинин кылмыш иликтөө кызматкерлери зордуктоо фактысына байланыштуу эки кылмыштын бетин ачышканын ИИМден билдиришти.
Маалым болгондой, Ош ШИИБине Курманжан датка кичи районунун 20 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал белгисиз адамдар 16-июль күнү Ош шаарындагы үйүнөн күч колдонуп зордуктап салышканын айткан. Кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 17 жаштагы А.С., 16 жаштагы А.Д., 16 жаштагы М.Ж. жана Ош шаарынын 17 жаштагы М.К. аттуу тургуну кармалган.
Ал эми Манас-Ата кичи районунда тейлөөчү болуп иштеген 26 жаштагы кыз да милицияга кайрылып, 12-июлда жумуштан үйүнө бара жатканда “Семетей” кинотеатрынын жанынан эки бала зордуктап салышканын айткан. Бул факт боюнча Ош ШИИБинин кылмыш иликтөө кызматкерлери 21-июлда 30 жаштагы Б.М. аттуу Кара-Суу районунун тургунун жана 29 жаштагы Б.К. аттуу Ош шаарынын тургунун кармашкан. Алар бул кылмышты мойнуна алышып, көрсөтмө беришкен. Алар кинотеатрдын жанынан сыра ичишип, жалгыз кызды көрүп зордуктап салышкан.
Азыркы тапта кармалгандар Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына камалышты. Тергөө амалдары жүрүүдө.