Сузак районунда 6 гектар күрүч эгилген талааны суу каптап кетти

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда 6 гектар күрүч эгилген талааны суу каптап кетти. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак районундагы Кара-Дарыя айыл аймагында кечээ саат 23:00 чамасында Бостон тилкесинде алдын ала маалымат боюнча сууну буруу максатында курулган тосмонун 15 метр аралыгын Кара-Дарыя суусу жеп, жээктеги 6 гектар күрүч эгилген талааны суу каптаган.

"Турак жайларга коркунуч жок. Бүгүн ӨКМнын Жалал-Абад облусу боюнча башчысынын милдетин убактылуу аткаруучусу Абдишарип Бекилов жетектеген ыкчам топ жеринде тактоо иштерин жүргүзүү үчүн чыгып кетти. Ошондой эле Сузак райондук жарандык коргоо комиссиясы жеринде иш алып барат. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан