Кара-Балта шаарында ылдамдыгы секундасына 25 метрге чейин жеткен катуу шамал катталды

Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарында ылдамдыгы секундасына 25 метрге чейин жеткен катуу шамал катталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

ӨКМнын Гидрометеорология боюнча агенттигинин берген маалыматына ылайык, 26-июлда саат 18:05-18:35 аралыгында катуу шамал катталып, түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрге чейин жеткен.

"Алдын ала маалыматка ылайык, зыянга учураган курулуштар жок", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан