Кадамжай районунда болгон катуу шамал турак жайлардын чатырларын учуруп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 26-июль күнү саат 22:00 чамасында Орозбеков айыл аймагынын Күлдү айылында катуу шамал болгон. Натыйжада 1 турак үйдүн 7 шиферин, 1 убактылуу жашоочу үйдүн 6 шиферин, 1 мал сарайдын 10 шиферин учуруп кеткен. Учурда шамалдын ылдамдыгы такталууда. Ал эми райондогу Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүп жатат.