Ысык-Көл облусуна караштуу Бостери айылында сууга чөгүп кеткен жаранды издөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 26-июлда саат 15:35 чамасында "Бостери айылында көлгө бир адам чөгүп кетти" деген маалымат түшкөн. КРнын ӨКМнын №31-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок натыйжа болгон эмес.