Жал кичи районунда жаңы курулуп жаткан мектептеги өрттүн чыгуусуна тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон

Жал кичи районунда жаңы курулуп жаткан мектептеги өрттүн чыгуусуна тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өрттүн кесепетинен курулуш материалдары, эшик, терезе, пластик түтүктөр, вентиляциялык каражаттар күйгөн.

Айта кетсек, 26-июль күнү саат 12:27 чамасында Жал кичи районундагы жаңы курулуп жаткан мектепте өрт чыккан. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр барышып, тилсиз жоо саат 13:16 чамасында өчүрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан