Бишкекте митинг уюштургандардын экөөсү 4 суткага, үчөөсү 3 суткага камалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Кечээ, 26-июль күнү турак жайга муктаж 700гө жакын адам Бишкек шаарындагы М.Горький атындагы сейил багында митингге чыгып, анда алар арзан турак жай менен камсыз кылышын өкмөттөн суранышкан.
“Митингдин жүрүшүндө алар борбордук аянтка барып жол тосорун билдиришкен. Милиция кызматкерлери андай кадам мыйзамсыз экенин айтышкан, бирок алар көнгөн эмес. Мындан улам 33 адам кармалып, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген”, - деп айтылат Бишкек ШИИББинин маалыматында.
Ал эми Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту митингди уюштурган 5 адамга административдик чара колдонуп, экөө 4 суткага, үчөө 3 суткага камалды. Ошондой эле 5 адамга 500 сомдон, 23 адамга 300 сомдон административдик айып салынды.