Бишкек шаарында тоноочулукка шектелген 3 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Бишкек шаарынын 30 жаштагы М.М. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал 25-июль күнү саат 23:00 чамасында Кулиев-Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз жарандар күч колдонуу менен 3 миң сом акчасын тартып алышканын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 32 жаштагы Ж.А., 30 жаштагы Т.Н. жана Т.У. аттуу жарандар кармалган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.