Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Аида Жалилованын социалдык тармактардагы өзүнүн баракчасына жайгаштырган сүрөтү интернет колдонуучуларынын арасында кызуу талкуу жаратты. Анда Жалилова Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайлардын биринде ок атуучу курал кармап сүрөткө түшкөн. Айрымдар "Анын бул кылыгы канчалык мыйзамдуу?" деп суроо салышууда.
Бул боюнча Баткен облустук ички иштер башкармалыгына кайрылганыбызда, басма сөз кызматынын катчысы Дамира Юсупова буларга токтолду: “Аида Жалилованын табелдик куралы башкармалыкта эле турат. Ал башка ок атуучу курал менен сүрөткө түшсө керек. Албетте, тергөөчүнүн курал менен сүрөткө түшкөнү туура эмес. Бул боюнча сөзсүз кызматтык иликтөө жүрөт”.
Айта кетсек, былтыр да ушул сыяктуу окуя катталган. Анда 21 жаштагы жигит досунун тапанчасы менен сүрөткө түшүп, аны социалдык тармактардагы баракчасына жайгаштырган. Бул окуя коомчулукта талкуу жараткандыктан ага эскертүү берилген.
Ал эми Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов SUPER.KG порталына берген маегинде: “Курал-жаракты башка бирөөгө берүүгө болбойт. Тапанча менен сүрөткө түшүп, аны коомчулукка, социалдык түйүндөргө таратууга да болбойт. Антип сүрөткө түшүү же куралды көчөдө алып жүрүү башка жарандарга карата кандайдыр бир коркунуч алып келиши толук ыктымал”, - деген эле.