Борбор калаада "башка жарандын үйүн сатып жиберген" деген шек менен 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-июль күнү милицияга арыз менен Бишкек шаарынын 54 жаштагы К.К. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал А. аттуу жаран алдоо жолу менен үйүн күрөөгө коюп, кийин үйүнүн документтерин "жоготуп алдым" деген шылтоо менен аны башка жаранга сатып жибергенин билдирген. Бул факт боюнча "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 27 жаштагы И.А. аттуу тургуну кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.