Еревандагы атышуудан 2 козголоңчу жана 1 полиция кызматкери жабыркады

Еревандагы атышуудан 2 козголоңчу жана 1 полиция кызматкери жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

27-июлга караган түнү полиция имаратын барымтага алгандар менен полиция кызматкерлеринин ортосунда атышуу болгон. Анда козголоңчулардын лидерлеринин бири Павел Манукян жана баласы Арам жарадар болгон. Ошондой эле дагы эки козголоңчу полицияга колго түшүп берген.

Окуядан кийин Армениянын полиция кызматынын өкүлү Ашот Агаронян өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына: “Атышуулар токтоду. Учурда полиция имаратын барымтага алгандар менен багынып берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө”, - деп жазды.

Айта кетсек, 17-июль күнү куралчан топ полиция имаратын барымтага алган. Алар бир канча кызматкерди барымтага алышып, “Жаңы Армения” оппозициялык фронтунун лидери Жирайр Сефилянды бошотууну жана Армениянын президенти Серж Саргсяндын кызматтан кетишин талап кылышууда.

Ереванда медицина кызматкерлерин барымтага алышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан