Кыргыз-тажик чек арасында 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын чек арасында 27-июль күнү саат 10:19да 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунан билдиришкендей, анын очогу Бор-Дөбө айылынан 10 чакырым түштүк-батышта, Ош шаарынан 130 чакырым түштүк-чыгышта катталган. Силкинүү күчү Бор-Дөбө айылында 3,5 баллга сезилген. Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, андан каза болгондор жана жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
saparu
2016-07-28 09:08:31
Кудай сактасын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан